Категориясыз БЛОГ Жанылык

“Жакында мектепке” аталган балдарды окутуу клубунда билим алган балдарга курсту аяктоосу тууралуу сертификаттарды тапшыруу аземи өттү

 

2019-жылдын 27-июлунда Москва шаарынын коомдук байланыш жана жаштар саясаты Комитетинин Ресурстук борборунун залында “Жакында мектепке” аталган балдарды окутуу клубунда билим алган балдарга курсту аяктоосу тууралуу сертификаттарды тапшыруу аземи болду. Салтанатка Элчи А.Джекшенкулов катышты.

Куттуктоо сөзүндө Элчи окутуу клубунун биринчи этабында билим алган балдарды, алардын ата-энелерин ийгиликтүү аяктоосу менен куттуктап, 25тен ашуун балдарга төрт ай ичинде жума сайын орус тилин өздөштүрүү боюнча билим берип, эмгегин аябаган волонтер мугалимдердин эмгегин жогору баалады.

Салтанатта Элчи А.Джекшенкулов балдарга окуу курсун аяктоосун тастыктаган сертификаттарды тапшырды.

Маалымат иретинде: 2019-жылдын 20-апрелинде Москва шаарында “Жакында мектепке” аталган балдарды окутуу клубунун салтанаттуу ачылышы болду. Мындай окуутуу клубунун ачылыш демилгеси 2019-жылдын 31-январында КРнын РФдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Джекшенкуловдун Москва шаарындагы кыргыз коомдук уюмдары, жалпы мекендештер менен таанышуу, байланыштарды бекитүү, Кыргызстандык жарандардын Россияда туруусунун шарттары, укук жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле эмгек мигранттарынын балдарынын билим алуу маселелерин талкуулоо максатында жолугушуусунда көтөрүлгөн. Москвадагы кыргыз диаспорасынын “Агартуу Билим Борбору” мугалимдер Ассоциациясы жана “Мир Вам” тил мектеби кыска мөөнөттөгү быйыл мектепке баруучу балдар үчүн орус тили сабагы боюнча курсун акысыз өткөрүү боюнча орус тили мугалимдери-волонтерлордун корпусун түзүштү.

Салтанаттуу ачылышка Москва шаарындагы коомдук уюмдардын, айрым Фонддордун жетекчилери чакырылды: «Этносфера» улуттар аралык билим берүүгө көмөк көрсөтүү борборунун башкы директору, Москва Өкмөтүнүн алдындагы улуттар аралык Кеңештин илим жана билим берүү боюнча Комиссиясынын төрагасы Омельченко Елена Александровна, “Добрососедство” эл аралык байланыштарды өнүктүрүү Фондунун жетекчиси Московский Юрий Викторович, ошондой эле балдар тил үйрөнүү курсуна катышкан балдардын ата-энелери катышты.

Элчилик балдарга орус тилин, кыргыз тилин үйрөтүү курсу үчүн волонторлор – орус тили мугалимдери менен иш алып барып, курстун иштөөсү үчүн алгачкы шарттарды түзүп берүүдө. “Агартуу Билим Борбору” мугалимдер Ассоциациясы жана “Мир Вам” тил мектеби Балдарды окутуу Клубунун мындан ары үзгүлтүксүз, туруктуу иштөөсү үчүн тийиштүү долбоорлорду иштеп чыгышты жана каражат табуунун үстүндө иштешүүдө.

Иш-чаранын ачылышында балдар тарабынан уюштурулган концерт тартуланды. 5 жаштагы Нуралы конокторго “Манас” эпосунан үзүндү айтып берди.

Ар бир балага мектепке керектүү буюмдар, программанын катышуучуларына уюштуруучулардан китеп, таттуулар белекке берилди. Орус тили боюнча биринчи сабакты өткөрүүгө Элчиликтин жаш достору М.Ломоносов атындагы Москва Мамлекеттик университетинин Азия жана Африка институтунун 4-курсунун студенттери кыргыз тилин биринчи чет тил катары үйрөнүп жаткан Полина Сбигнева, Карина Кашаф жана Луиза Барикзай жардам беришти.