Категориясыз БЛОГ Жанылык

12-август эс алуучу күнү тууралуу

Урматтуу мекендештер,

Эс алуу жана майрам күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында КРнын Өкмөтүнүн чечимине, КРнын Эмгек кодексинин 113-токтомуна ылайык 12-август эс алуучу күн болуп саналат.

КРнын Диний башкармалыгынын маалыматы боюнча Курман айт майрамы 11-август – жекшемби күнгө туш келүүдө.

КРнын Эмгек кодексинин 113-токтомуна ылайык диний майрамдар эс алуу күн болуп саналат, жана эгерде ал күндөр жумушчу эмес күнгө туш келсе, андан кийинки күн эс алуу күн болуп саналат.

Ушуга байланыштуу, урматтуу мекендештер, КРнын Россиядагы Элчилиги 12-август – дүйшөмбү күнү иштебей тургандыгын маалымдайбыз.

Консулдук-укуктук маселелери боюнча суроолоруңуз болсо, Кыргызстандын Россиядагы Элчисинин www.elchi.ru расмий блогуна кирип, онлайн түрүндө маалымат жазып, жооп алсаңыз болот.

Урматтуу мекендештер, келе жаткан Курман Айт майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Ыйык майрам күнү ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө тынчтык, ынтымак, ыймандуулук, бакубат жашоо каалайбыз. Жакын адамдарыңыздар ар дайым аман болсун.