Категориясыз БЛОГ Жанылык

Элчиликтин кызматкеринин Астрахань шаарына жумушчу сапары жөнүндө

2019-жылдын 6-7-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынын РФдагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин РФнын Астрахань шаарына жумушчу сапары ишке ашты. Сапардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын Астрахань облусунда туруктуу жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, мекендештер менен жолугушуу өттү.

Элчиликтин кызматкери Астрахань облусунда туруктуу жашап жана эмгек ишмердүүлүгүн ишке ашырып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарына эки тараптуу кызматташууну бекемдөөдө жана Кыргызстандын жарандарынун укук жана кызыкчылыктарын коргоо багытында Элчиликтин ишмердүүлүгү тууралу маалымат берип, кыргыз диаспорасы менен биргеликте жасала турган иш-пландар тууралуу айтып берди.

Мындан сырткары, жолугушуунун катышуучуларына КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана чет өлкөдөгү мекендештер арасындагы инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалымат берилди.

Жолугушуунун жүрүшүндө КРнын жарандарына укук жана консулдук маселелер боюнча кеңештер берилди. Ошону менен бирге ошол эле жерде айрым жарандардан консулдук документтери боюнча тиешелүү материалдар кабыл алынды.