Категориясыз БЛОГ Жанылык

(Русский) Поздравление со священным праздником Курман айт

Урматтуу момун мусулмандар, кымбаттуу мекендештер!

Сиздерди улуу Курман Айт майрамы менен чын пейилимден куттуктаймын. Курман Айт – бул кылымдардан бери келе жаткан элдин биримдигин бекемдеген, боорукерлигин жана кайрымдуулугун арттырып келген улуу майрам.

Курман Айт бизди ыймандуулукка жана сабырдуулукка чакырат. Ушул Улуу күнү баардык момун мусулмандар ата-бабаларды эскерип, келечекке ниет кылып, Жаратканга үмүт-тилектери менен кайрылышат. Ажы сапарында жүрүп мусулман парзын аткарып жүргөн мекендештерибиз аман-эсен кайтып келишсин. Жараткан Кудайыбыз биздин өлкөбүзгө өсүп өнүгүүнү, бейкутчулукту, ынтымак менен биримдикти берсин. Баардык кыргызстандыктарга чын ден-соолук, тынчтык жана ынтымакты каалайм.

Жаратканыбыз Кыргызстаныбызды колдосун!
Курман айт майрамыңар кут болсун!

Терең урматтоо менен Аликбек Жекшенкулов