Категориясыз БЛОГ Жанылык

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынын РФдагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин РФнын Пермь жана Самара шаарларына жумушчу сапары ишке ашты

2019-жылдын 13-17-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Миграция кызматынын РФдагы Өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин РФнын Пермь жана Самара шаарларына жумушчу сапары ишке ашты.

Сапардын жүрүшүндө Россия Федерациясынын аталган шаарларында туруктуу жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү, мекендештер менен жолугушуу өттү.

Жолугушуунун катышуучуларына Россия Федерациясынын аймагындагы кыргыз биримдиктери менен өз ара аракеттерди ишке ашыруу  багытында Элчиликтин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын жарандарынун укук жана кызыкчылыктарын коргоо иштерин күчөтүү, ошондой эле маданий-гуманитардык иш-чараларды биргелешип уюштуруп, өткөрүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле мекендештерге укук жана консулдук маселелер боюнча кеңештер берилип, катышуучулар тийиштүү жоопторун алышты. Ошону бирге ошол эле жерде айрым жарандардан консулдук документтери боюнча тиешелүү материалдар кабыл алынды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жарандарга «Elchi.ru» аталган КРнын РФдагы Элчисинин блогу сунушталды. Аталган www.elchi.ru сайты аркылуу Россияда жүргөн мекендештер онлайн тартибинде  консулдук-укуктук маселелер боюнча тийиштүү кеңеш, жоопторун ала алышат.

Жолугушууда мекендештерге миграция чөйрөдөгү актуалдуу маалыматтар камтылган материалдар таркатылып, КРнын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жана чет өлкөдөгү мекендештер арасындагы инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан шарттар тууралуу маалымат берилди.