Категориясыз БЛОГ Жанылык

Кыргызстандын Россиядагы Элчиси А.Жекшенкулов “Чыгыш экономикалык форумуна” катышууда

Аликбек Жекшенкулов:

“Россиянын Чыгыш чөлкөмдөрүнө болгон менин иш сапарым азыркы күндөрү Владивосток шаарында өтүп жаткан “Чыгыш экономикалык форумунан” башталды. 8 сааттык аба жолу, 7 сааттык айырма жергиликтүү иштерман калктын жылуу меймандостугу менен билинбей калды.

Форумда катышып жаткан Россиянын президенти Владимир Владимирович Путиндин, Жапон премьер-министри — Синдзо Абэ, Индиянын өкмөт башчысы — Нарендра Моди, Малайзиянын премьер-министри – Мохамад Махатхир, Монголиянын президенти –Халтмаагийин Баттулга ж.б, терең интеллектуалдык сөздөрү инвестиция, жаңы технологиялар, туризм жана экология жаатында Кыргызстан менен дүйнөнүн келечеги тууралуу ойго салат экен.

Мисалы, Жапон премьери Синдзо Абэ форумдун пленардык сессиясында сүйлөп жатып, орус акыны Федор Тютчевдин, – “Умом Россию не понять, аршином общим не измерить, у ней особенная стать, в Россию можно только верить”, деген ырын айткан угуп жаткан зал кол чаап турду.


Ал эми малайзиялык өкмөт башчы Мохамад Махатхир, форумдун катышуучуларына кайсы кана өлкө болбосун аны туризм менен өнүктүрүп койсо болот деди (биз үчүн Малайзиянын туристтик тажрыйбасы пайдасы тиймек). Саясатта узак жашаштын курагы канчага чейин деген суроого, – Малайзияда, мамлекет башчынын жашы 95 жашка чейин жылдырылган, деп жооп берди, Махатхир 93 жашта, мындай жооптон кийин зал аплодисментке толду.


Форум боюнча жалпысынан айтканда, экономикалык жыйын эң жогорку деңгээлде уюштурулуп өтүп жатат. Мындан ары да форумдун иши кызыктуу жана пайдалуу болот болуш керек…
Форумдан тышкары Владивосток шаарында кыргызстандык куруучулар, коомдук уюмдардын мүчөлөрү жана диаспора лидерлери менен жолугушуу болот”.