Uncategorized Блог посла Новости

Достук жана ынтымак…


Эки күндөн бери Москвадагы жердештерибиз , башка улуттун өкүлү Шафхат аттуу жарандын видеосу соц тармакта таркап, элди дүрбөлөңгө түшүрдү. Эки адамдын талаш- тартышынан эки коңшу Улуу ЭЛДИН достугуна, тарыхына шек келтирилген, ыплас сөздөр менен коштолгон видеолор шамалдай таркады. Аны көрүп, ансыз да дүйнөлүк апааттан аман-соо , жоготуусуз чыксак экен деп кыжаалат болуп карантинде олтурган карапайым калкыбыз бушайман болушту. Болуп жаткан жагдай Элчиликтеги ыкчам Штабында талкууга алынып, Штаб жетекчиси А.Жекшенкуловдун демилгеси менен эки элдин ортосундагы ынтымакка доо кетирбөөнү алдын алып, бүгүн кыргыз- өзбек элдеринин Москвадагы диаспора жетекчилери жана активисттери менен Элчилигибизде жолугуп, жогорудагы фактыларды талкуулап , эки коңшу элдин ынтымагы, миң жылдык достугу, тарыхы баардыгынан жогору экендиги баса белгиленди жана мындан ары достугубузду бекемдөө , провокациялык ыплас иштерге жол бербөөгө болгон аракеттер жумшалары айтылды. Жолугушуунун соңунда кыргыз-өзбек диаспора лидерлери эки тараптын жаштарынын ойлонбой улуттардын намысына шек келтирген ыплас сөздөрү үчүн эки элден кечирим сурашып, кол алышып жакшы маанайда тарадык.


Аскат Алиев

https://www.facebook.com/talant.erkinbekov/videos/10218630663290281/UzpfSTEwMDAwMTYwODkyMDgyMTozMjEzNDI3MTY1Mzg3NTQ5/