Uncategorized Блог посла Новости

Элчиликтен алдамчылар жана аферистер туралуу кайрылуу

Урматтуу мекендештер,
Урматтуу Москва шаарында жашап, иштеп жаткан КРнын жарандары

Ар кандай алдамчылар, аферисттер социалдык тармактарда, вотсап тайпаларда 2020-жылдын 26-майында “Аэрофлот” авиа компаниясы тарабынан аткарыла турган каттамга Элчилик тарабынан деп билеттер сатылып жаткан фактылар катталып жатат.
Элчилик  эскертет  — бул жалган маалымат жана ал сатылган билеттер ишке жарабайт!!!
Азыркы кезде ошол жалган маалымат тараткан жана билет саткан адамдар боюнча иликтөө иши жүрүп жатат.
Мындай жалган маалымат таратып, жалган билет сатып, элди дүрбөлөңгө салган аракеттери үчүн ал адамдар  мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат.
Аталган каттамга билеттер Элчилик тарабынан түзүлгөн тизме боюнча гана сатыларын эскертебиз. Билеттерди аэропорттон “Аэрофлоттун”  кассаларынан гана алыш керек.
Башка жактардан билет сунуштагандарга ишенбегиле.
Бул каттам менен  тизмеге жазылган боюнда бар аялдар жана эки жашка чейинки балдары бар энелер гана билет алып кете алышат.

Элчиликтин пресс-кызматы, Москва ш.