Саясий кызматташтык

2018 – жылдын 10 – июнунда КР менен РФнын ортосунда достук, кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө Келишимге жана кыргыз-россиялык дипломатиялык мамилелердин орногондугуна 26 жыл толду.

Россия менен кызматташуу биз үчүн эки өлкөнүн элдеринин тарыхый жана маданий жакындыктары, слтка айланган достук мамилелердин, коопсуздук, саясий, экономикалык, аскердик-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө жалпы кызыкчылыктардын жакындыгына байланыштуу өзгөчо мааниге ээ.  Кыргызстандын жашоосунда Россиянын негизги ролун аңдап-билүүгө биз бүгүн эле келген жокпуз. Орус эли менен өз ара тыгыз байланыш биздин тарыхыбызда өзгөчо орунду ээлейт.  XVIII кылымда кыргыздар Санкт-Петербург шаарына Екатерине IIге Элчилерди жөнөтүшкөн. Элчилер өтө жылуу кабыл алынып, көптөгөн европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн козүнчө кыргызстандыктарга ар тараптан көмөк көрсөтүү буйругу берилген. Ошентип, биздин кыргыз-орус көп кылымдык  өз ара байланыштын алгачкы кадамдары жасалган.

Ал мезгилден бери биздин эки элдин тагдырлары эле эмес, маданияты, жалпы адамдык баалуулуктары бири –бири менен айкалышып, жалпы тарыхый окуяларды башынан өткөрүштү. Татаал кырдалдарда бири-бирин колдоо менен 70 жыл бою бир мамлекеттин курамында иш алып бардык. Россия жана Кыргызстан – ишенимдүү достор жана кыйышпас союздаштар. СССРдин урашы менен Кыргызстан жана  Россия жаңы мамлекеттер аралык негизде эки тараптуу мамилелерин бекитишти. Кыргызстан менен Россия бири-бирин стратегиялык өнөктөштөр катары таанышты.

1992-жылдын 10-июнунда КР менен РФнын ортосунда достук, кызматташуу жана өз ара жардам жөнүндө Келишим, 2000-жылдын 27-июнунда КР менен РФнын ортосунда түбөлүк достук, союздаштык жана өнөктөштүк жөнүндө Декларация жана 2017-жылдын 19-июнунда кол коюлган КРсы менен РФнын ортосунда союздаш жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө жөнүндө Декларация эки тараптуу кызматташуунун андан ары бекемдеди.

Акыркы жылдары эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер союздаш жана старатегиялык өнөктөштүктүн жаңы денгээлине чыкты жана Кыргыз Республикасынын узак мөөнөттөгү улуттук кызыкчылыктарына жооп берет.

Азыркы кезде эки өлкөнүн жетекчилеринин ортосунда достук жана ишенимдүү мамиле орноду, буга негиз болуп эң жогорку деңгээлдеги жолугушуулары кыргыз-россиялык эки тараптуу  кызматташуунун мындан аркы өнүгүүсүн, ошондой эле өлкөнүн тышкы экономикалык саясатындагы артыкчылыктуу багыт болуп саналган ЕАЭБнин алкагындагы өз ара аракеттерди талкуулоого мүмкүнчүлүк болууда.

Буга мисал катары 2018-жылы КРнын Президенти С.Жээнбековдун Россиянын Президенти В.Путин менен үч жолугушуусу (14 – майда Сочи, 14 – июнда Москве, 28 – сентябрда Душанбе шаарларында), жана КРсы менен РФнын өкмөттөрүнүн башчыларынын төрт жолугушуусу өттү. КРнын Президенти С.Жээнбековдун чакыруусу менен 2019-жылы Россиянын Президенти В.Путиндин Кыргызстанга мамлекеттик сапарын уюштуруу пландалууда.

Кыргызстандын ЕАЭСте катышуусу жана интегерациялык процесстер жолунда жана өлкөбүздүн ЕАЭСтин шарттарына көнүгүүсү үчүн Россия Федерациясынын колдоосу тышкы экономикалык саясаттын артыкчылыктуу  багыттарынан болуп саналат.

Аймактык жана глобалдык күн тартиптин маселелерине карата эки тараптын мамилелери бирдей жана жана позициялары жагынан да жакын. Бүгүнкү күнү тараптарда саясий карама-каршылыктар дээрлик жок, эки тараптуу байланыштардын комплексин, Евразиялык экономикалык союздун алкагында жана башка эл аралык уюмдардын (БУУ, ШКУ, ЖККУ, ШКУ) алкагында конструктивдүү аракеттерди мындан ары өстүрүүдө биргелешкен күч аракеттер керек экендигин эки өлкө тең ачык, так түшүнөт.

Аймактык коопсуздук маселесине эки өлкө тен өзгөчө көңүл бөлүшөт. Аймактык стабилдүүлүктү жана коопсуздукту бекемдөо багытында КРсы менен РФсы биргелешкен аракеттерди көрүү менен эки тараптуу байланыштын комплексин мындан ары өстүрүүнү камсыздашат. Жамааттык коорсуздук тармагындагы жалпы кызыкчылыкты ишенимдүү далили катары  ЖКККнун ыкчам көңүл буруусунун Жамааттык күчүнүн авиациялык компоненти болуп саналган КРнын Кант шаарындагы россиялык авиабазанын ишин белгилөөгө болот. Бул Россиянын Борбордук Азияда ишенимдүү форпост катры ролун тастыктайт.

Өз ара аракеттерди бекемдөө жолундагы ар бир пайдалуу кадам биздин мамилелерибизге дагы жогорку динамиканы жана натыйжалуулукту берет. Биз жашоонун бардык чөйрөлөрүндө Россия Федерациясы менен актвидүү кызматташуучу өлкө катары калабыз.