Дайыма берилген суроолор

1. Суроо – мен паспортумду жоготуп алдым, Кыргызстанга чыгуу үчүн эмне кылуум керек, кандай документ алышым керек?

Жооп:

Эгерде Сиз Элчиликтин консулдук бөлүмүндө консулдук каттоодо турсаңыз, Элчилик сизге чет өлкөгө чыгуучу паспорт тариздей алат.

Эгерде консулдук каттоодо турбаган болсоңуз, полициядан документтин жоголгондугун тууралуу справка алып, Элчиликтин консулдук бөлүмүнө Мекенине кайтуу күбөлүгүн алуу үчүн документ тапшырасыз:

3х4 көлөмүндө 3 сүрөт, жоголгондугун тууралуу справка жана арызды консулдук бөлүмдө жазасыз, Консулдук бөлүмдө жайгашкан терминалда 20 доллар (РФнын Борбордук банкынын курсу боюнча рубль) төлөйсүз, тийиштүү мөөнөттө сизге Мекенге кайтуу күбөлүгү берилет.

2. Суроо – менин жашы жете элек балдарым Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен РФнын аймагында турушат, биз тез арада Кыргызстанга чыгышыбыз керек. Балдарга метрикага тиркеме (вкладыш) алууга болобу же башка документ алуу керекпи?

Жооп:

Сиз Элчиликтин консулдук бөлүмүндө жашы жете элек балдарга Мекенине кайтуу күбөлүгүн алсаңыз болот, аны үчүн төмөнкү документтерди тапшырасыз:

Ата-энесинин паспорттору, 3х4 көлөмүндө 3 сүрөт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк жана ага кошумча тиркеме (вкладыш).

Эгерде ата-энесинин бири башка өлкөнүн жараны болсо, баласынын Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуусуна нотариус менен күбөлөндүрүлгөн макулдугу талап кылынат.

Төлөмү Консулдук бөлүмдө жайгашкан терминалда 10 доллар (РФнын Борбордук банкынын курсу боюнча рубль).

3. Суроо – менин паспортумдун мөөнөтү өтүп жатат, Элчиликтен жаңы паспорт алса болобу?

Жооп:

Элчиликтин Консулдук бөлүмүндө мөөнөтү бүтүп бара жаткан КРнын жалпы жарандык (чет өлкөгө чыгуучу) паспотун алууга документ тапшырууга болот. Паспорттун КРнан даярдалып келиши 1 айга созулат. Аны үчүн сиз паспорттун түп нускасын жана көчүрмөсүн, миграциялык каттооңузду жана нике тууралуу күбөлүк, эгерде никеде болсоңуз, же ажарышып кеткендиги тууралу, же каза болгодугу тууралуу тастыктоочу справканы алып келсиз. Сүрөт алып келип, кереги жок. Сүрөткө паспортко тапшырган жерден тартышат.

Документтерди кабыл алуу электрондук кезек боюнча күнүнө саат 9.00дөн 13.00гө чейин. Документ тапшыруу төлөмү 60 доллар РФнын Борбордук банкынын курсу боюнча рубль менен төлөнөт.

Ошол эле учурда сиз консулдук каттоого турушуңуз керек, эгерде мурун тура элек болсоңуз, алгач убактылуу консулдук каттоого турасыз, Эгерде сиз Москвада расмий каттоодо турсаңыз Москвадагы Элчиликтин Консулдук бөлүмүнө турасыз. Аны үчүн сизде жогоруда белгиленген документтердин көчүрмөлөрү жана 3х4 көлөмүндө (ак фондо түстүү) 2 сүрөт болушу керек. Төлөм акысы 3 доллар РФнын Борбордук банкынын курсу боюнча рубль менен төлөнөт.

4. Суроо – Мен Кыргыз Республикасынын ички паспорту (Айди-карта) менен РФнын аймагына кире аламбы?

Жооп:

Ооба КРнын жараны Россияга кирүү үчүн Кыргызстандын ичик паспортун пайдаланууга укуктуу. Ошону менен бирге биз чет өлкөгө чыгуу сапарында Кыргыз Республикасынын чет өлкөгө чыгуу паспортун колдонууну сунуштайбыз.

5. Суроо – Мен кантип Россия Федерациясынын жарандыгын ала алам?

Жооп:

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россия Федерациясынын жарандыгын алуу маселесин же ага жардам берүүнү карабайт. Аны үчүн Россия Федерациясынын компетентүү органдарына же Кыргызстандагы Россиянын Элчилигине кайрылуу керек.

6. Суроо – менин жумушумда менин кош жарандуулугум жок экендиги тууралуу справканы талап кылышууда. Мен Кыргызстандын жараны эмесмин деген справканы кантип алсам болот?

Жооп:

Кыргыз Республикасынын жарандыгына сиздин тиешеңизди аныктоо үчүн Элчиликтин Консулдлук бөлүмүнө келишиңиз керек жана тийиштүү арыз жазышыңыз керек (арыздын формасын Элчиликтин сайтынан “Консулдук бланктар” деген болүмүнөн көчүрүп алса болот). Ошону менен бирге арызга төмонкү документтерди тиркөө керек:

1) инсандыгын аныктоочу документтердин түп нускасы жана көчүрмөсү (паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк);

2) толугу менне жазылган өмүр баян;

3) 4×6 см. көлөмүндө ак фондогу эки сүрөт;

4) чет өлкөдө туруктуу жашап жаткандыңызды тастыктаган документ;

Төлөм акысы 30 доллар РФнын Борбордук банкынын курсу боюнча рубль менен төлөнөт.

7. Суроо – Мен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуум керек. Аны үчүн эмне керек?

Жооп:

Суроо – Мен Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу үчүн Сиз Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык мекемелеринин бирине кайрылышыңыз керек. Ошону менен бирге Сиз төмөнкү документтерди тапшырышыңыз керек:

1) КРнын жарандагынан чыгуу тууралуу арыз-анкета үч нускада (арыздын формасын Элчиликтин сайтынан “Консулдук бланктар” деген болүмүнөн кочүрүп алса болот);

2) туулгандыгы тууралуу күбоөлүк (түп нускасы жана 3 көчүрмөсү);

3) нике тууралуу күбөлүк, ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк, ошондой тийиштүү учурларларда – жубайынын каза болгондугу же дайынсыз жоголгондугу тууралуу күбөлүк (туп нускасы + 3 көчүрмө);

4) Кыргыз Республикасынын салык органдарынан (КРнын аймагында акыркы жашаган жери боюнча) салык карыздары жоктугу тууралуу документ (туп нускасы + 2 көчүрмө);

5) Консулдук төлөмдү тастыктоочу документ (120 доллар, Элчиликтин Консулдук болүмүндөгү банктык терминалда төлөөгө болот) же аны төлөөдөн бошотууну тастыктаган документ;

6) 4х6 көлөмүндөгү үч түстүү сүрөт.

Арызды кароо мөөнөтү орточо 3 айдан 6 айга чейинки убакытты талап кылат. Сиздин КРнын жарандыгынан чыгууңуз тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы чыккандан кийин Сиз Элчиликке келип паспортуңузду жокко чыгаруу үчүн тапшырышыңыз керек.

8. Балдарга чет өлкөгө чыгуу паспортун мөөнөтү аягына чыккандыгына байланыштуу Элчиликтен алмаштырса болобу?

Жооп:

Кыргыз Республикасынын Элчилигинин Консулдук бөлүмүндо балдарга КРнын жалпы жарандык паспортун алуу үчүн документе тапшырууга болот. Паспорттун КРнан даярдалып келиши 1 ай убакытты талап кылат. Төмөндөгүлөр керектелет:

– бала жана анын ата-энеси өздөрү болуусу керек;

– мурун алган чет өлкөгө чыгуу паспорту;

– баланын туулгандыгу тууралуу күбөлүгү;

– баланын катталуусу (убактылуу каттоого туруусу) бар болсо;

– баланын миграциялык картасы;

– ата-энесинин экөөнүн тен паспорттору: эгерде атасы чет өлкөлүк жаран болсо, нотариус менен күбөлөндүрүлгөн баланын Элчиликте КРнын жарандыгын алууга макулдугу керек.

а) эгерде атасы чет өлкөлүк жаран болсо, баласынын КРнын чет өлкөгө чыгуучу паспортун КРнын РФдагы Элчилигинде алууга нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керек;

– ата-энесинин миграциялык картасы жана миграциялык каттоосу (убактылуу каттоосу – РВП/ВНЖ) консулдук каттоого туруусу үчүн;

– 3х4 (ак фондо түстүү жалтырак эмес, 2 сүрөт) консулдук каттоого туруу үчүн;

– паспортко баланы сүрөткө тушүрүп кереги жок, Элчиликте атайын аппаратта тартылат.

Ошондой эле жогоруда белгиленген документтердин баарынын 2 нускадагы көчүрмөлөрү керек.

Паспорт үчүн төлөм акысы 60 доллар РФнын Борбордук банкынын курсу боюнча рубль менен төлөнөт.Балдар үчүн 50% жеңилдик каралган.  Консулдук каттоого туруунун төлөм акысы 3 доллар РФнын Борбордук банкынын курсу боюнча рубль менен төлөнөт.

Документтерди кабыл алуу электрондук кезек менен күнүнө саат 9.00дөн 13.00гө чейин.

9. Суроо – мен жумуш таба албай жатам, жумушка орношууда жардам бере аласыздарбы?

Жооп:

Жумушка орношуу жана башка жумуш менен байланышкан маселелер боюнча Сиз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы Өкүлчүлүгүнө кайрылсаңыз болот, дареги Москва шаары, Малая Полянка көчөсү, 12 а., жакынкы метро станциясы “Полянка”, байланыш телефондору: 8(495) 780-74-11, 8(495) 780-74-12, 8(495) 780-74-10.

10. Суроо Туруктуу консулдук каттоого жана Туруктуу жашоо ордуна катталуу үчүн эмнелер талап кылынат?

Жооп:

Туруктуу консулдук каттоого туруу үчүн Элчиликтин Консулдук бөлүмүнө төмөнкү документтерди тапшыруу керек:

– ID карта-  түп нускасы+көчүрмөсү;

– жалпы жарандык паспорт –  түп нускасы + бет жагынын көчүрмөсү;

– туулгандыгы тууралуу күбөлүк – түп нускасы+көчүрмөсү;

– нике тууралуу күбөлүк –  түп нускасы+көчүрмөсү;

– чыгуу баракчасы –  түп нускасы+көчүрмөсү;

– туруктуу жашоого уруксат кагазы – түп нускасы+дарек боюнча катталган барагынын көчүрмөсү.

Консулдук төлөм 15 доллар турат, РФнын Борбордук банкынын курсу боюнча Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн банктык терминалында төлөнөт.