Документтерди мыйзамдаштыруу

2011-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасы чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу 1961-жылдагы Гаага конвенциясына кошулган.

Укуктук жардам жана жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук мамилелер тууралуу 1993-жылдын 22-январында Минск шаарында жана 2002-жылдын 7-октябрында Кишинев шаарында кол коюлган Конвенцияларга ылайык компетенттүү мекеме же атайын ыйгарымдуу адам тарабынан бекитилген формада күбөлөндүрүлгөн жана герб түшүрүлгөн мөөр бастырылган документтер төмөндөгү мамлекеттердин аймагында атайын ырастамасы жок кабыл алынат: Азербайжан Республикасы; Армения Республикасы; Беларусь Республикасы; Грузия; Казакстан Республикасы; Молдова Республикасы; Россия Федерациясы; Тажикистан Республикасы; Туркменистан; Өзбекстан Республикасы; Украина.

ДОКУМЕНТТЕРДИ КОНСУЛДУК МЫЙЗАМДАШТЫРУУ (ЛЕГАЛДАШТЫРУУ)

КРнын аймагында түзүлгөн документтерди консулдук мыйзамдаштыруу тартиби:

1) Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик нотариалдык конторасы;

2) Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин нотариат жана адвокатура башкармалыгы;

3) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти;

4) КРда аккредиттелген аймагында тийиштүү документ колдонула чет өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси, же чет өлкөдө аккредиттелген КРнын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси.

Чет өлкөнүн аймагында түзүлгөн документтерди консулдук мыйзамдаштыруу тартиби:

1) Чет өлкөнүн компетентттүү органы;

2) Чет өлкөдө аккредиттелген КРнын дипломатиялык өкүлчүлүгү же консулдук мекемеси;

3) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаменти.

Консулдук мыйзамдаштырууга жатпаган документтер:

КРнын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруунун жоболоруна” ылайык (21 февраль, 2011 ж., № 60), төмөндөгү документтер мыйзамдаштырылбайт:

  • паспорттор;
  • аскердик билеттер;
  • эмгек китепчелери;
  • айдоочулук күбөлүктөр;
  • транспорттук каражатты каттоо тууралуу техникалык паспорттор;
  • профсоюздук билеттер;
  • коом катмарларына жана дин ишенимдерине тиешелүү экендигин тастыктаган документтер

КРнын кызыкчылыгына жана анын жарандарынын абройуна шек келтирүүчү, кемсинтүүчү мазмундагы документтер мыйзамдаштырылбайт.

Маанилүү маалымат! Укуктук жардам жана жарандык, үй-бүлөлүк жана кылмыш иштери боюнча укуктук мамилелер тууралуу 1993-жылдын 22-январында Минск шаарында жана 2002-жылдын 7-октябрында Кишинев шаарында кол коюлган Конвенцияларга ылайык компетенттүү мекеме же атайын ыйгарымдуу адам тарабынан бекитилген формада күбөлөндүрүлгөн жана герб түшүрүлгөн мөөр бастырылган документтер төмөндөгү мамлекеттердин аймагында атайын ырастамасы жок кабыл алынат:

  • Азербайжан Республикасы;
  • Армения Республикасы;
  • Беларусь Республикасы;
  • Грузия;
  • Казакстан Республикасы;
  • Молдова Республикасы;
  • Россия Федерациясы;
  • Тажикистан Республикасы;
  • Туркменистан;
  • ӨзбекстанРеспубликасы;
  • Украина.

Чет өлкөлүк расмий документтерди мыйзамдаштыруу талаптарын жокко чыгаруучу 1961-жылдагы Гаага конвенциясына мүчө-мамлекеттердин аймагында жасалган расмий документтер легализациядан бошотулат. Бул учурда КРнын мамлекеттик органдары тарабынан апостиль коюлуу менен тастыкталат. Ошону менен бирге КР менен төмөндөгү мамлекеттер ортосунда Гаага конвенциясынын жоболору колдонулбайт:

  • 1. Австрия Республикасы;
  • 2. Бельгия Королдугу;
  • 3. Германия Федеративдүү Республикасы;
  • 4. Греция Республикасы.

Эскертүү: Легалдаштыруу үчүн документтер түздөн-түз документтин ээсинен гана кабыл алынат. Ээси жок болсо, нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн ишеним каттын негизинде кабыл алынат.

Документтерди легалдаштыруу үчүн төлөнүүчү акы сайттын Консулдук кызмат көрсөтүү тарифтери деген бөлүмүндө берилген. Консулдук жыйымдарды Элчиликтин имаратында жайгашкан банктык терминалга төлөөгө болот.