Россиянын аймагына кирүүгө багыт алгандарга

Кирүү режими: Визасыз.

Россияга кирүү үчүн документтердин тизмеси:

  • Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту (ички, ID-card), же Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту.
  • Балдар үчүн Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту (чет өлкөгө чыгуу паспорту) талап кылынат.
  • Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгууда бала менен ата-энесинин бири же үчүнчү жактын чыгуусунда экинчи ата-энесинин же РФсынын аймагына кирүү үчүн мыйзамдуу өкүлүнүн нотариус күбөлөндүргөн макулдугу менен кирет.

Россияга кирүүнүн жана анда туруунун тартиби:

Миграциялык карта

  • РФнын мамлекеттик чек арасындагы көзөмөлдөө пунктунда КРнын жараны Россияга кирүүнүн максаты көрсөтүлүп толтурулган миграциялык картаны алуусу керек, ошол учурда жаран миграциялык картанын мирген максатына ылайык туура толтурулганын ошол эле жерде милдеттүү түрдө текшерүүсү керек.
  • Эгерде КРнын жараны РФнын аймагына иштөө үчүн кирсе, сөзсүз түрдө кирүү максаты «иш» деп толтурулушу керек.

Миграциялык каттоого туруу

  • Киргенден кийин КРнын жарандары РФнын тийиштүү органдарында (РФнын ИИМнин Миграция башкармалыгында) 30 күндүн ичинде турган орду боюнча миграциялык каттоого туруусу керек.
  • Убактылуу турган мөөнөт РФнын аймагына кирген учурда чек ара көзөмөлүндө коюлган күндөн баштап эсептелет.
  • Эгерде жаран РФнын аймагында 30 күндөн ашык мезгил тура турган болсо, РФнын тийиштүү органдарында (РФнын ИИМнин Миграция башкармалыгында) турган орду боюнча миграциялык каттоого туруусу керек.
  • РФнын аймагына иштегени кирген КРнын жарандарына миграциялык каттоого туруу мөөнөтү эмгек же жарандык-укуктук келишимдин мөөнөтүнө жараша болот.
  • Келишимде көрсөтүлгөн мезгилдин ичинде эмгек мигранты жана анын үй-бүлө мүчөлөрү келген өлкөдөн каалаган учурда чыгып, кайрадан кире берүүгө болот. Ар бир кирген учурда миграциялык каттоого туруу кайрадан кайталанышы керек.
  • РФнын аймагына иш эмес башка максаттар менен келген жарандар миграциялык каттоого 90 күн мөөнөткө гана тургузулат. Ошону менен бирге 90/180 деген эреже бар, ага ылайык 90 күн турган жаран 90-күнү өлкөдөн чыгып кетүүсү керек.
  • Эгерде жаран кандайдыр бир себептерден андан ашык убакыт туруп калса тийиштүү себебин көрсөткөн далил-кагазды көргөзө албаса, ага миграциялык мыйзам бузду делип менен жаза пул айып салынат жана эң аз дегенде 3 жылга РФнын аймагына кирүүгө тыюу салынат.
  • Миграциялык каттоого туруу боюнча бардык процедуралар келген өлкөнүн кабыл алган тарабынан ишке ашырылат.
  • Кабыл алган тарап чет өлкөлүк жаран иштеген жана факты жүзүндө жашаган (атайын бөлүнгөн жайларда же жатаканаларда) юридикалык жактар, алардын филиалдары же өкүлчүлүктөрү же эмгек мигрант жашаган жайдын ээлери болуп саналат.
  • Чет өлкөлүк жаран Кабыл алган тарапка паспортун жана миграциялык картасын көрсөтүүсү керек.
  • Паспорт жана миграциялык картаны алып кое алышпайт. Турган орду боюнча каттоого туруу үчүн мамлекеттик төлөм алынбайт.
  • Кабыл алган тарап чет өлкөлүк жаран көрсөткөн документтердин негизинде жарандын турган ордуна келгендиги тууралуу атайын бланкты толтурат.

Жумушка орношуу

  • КРнын жарандары ЕАЭСке мүчө өлкөнүн жараны катары укук жана милдеттери жана медициналык жардам алуу боюнча укугу ЕАЭС жөнүндө Келишимде көргөзүлгөн (Келишимдин Эмгек миграциясыXXVI – бөлүмүнүн 96-98– беренеси).
  • КРнын жарандары атайын алган билими боюнча РФнын аймагында кесиптик ишмердүүлүгүн ишке ашыра алышат, бул жерде юридикалык, педагогикалык, медициналык же фармацевтикалык кесиптер боюнча келген өлкөнүн мыйзамдары боюнча документтерин таануу боюнча тийиштүү процедуралардан өтүүсү керек.
  • КРнын эмгек мигранты жумушка орношоордо РФнын пенсиялык эсебине төгүп туруу үчүн жеке эсебинин камсыздандыруу полисин (СНИЛС) алуусу керек.

Медициналык жардам

  • КРнын бардык жарандары медициналык камсыздандыруу полисине карабастан, медициналык тез жардам алууга укуктуу.
  • Расмий түрдө жумушка орношкон жана РФнын аймагында мыйзамдуу иштеп жаткан Кыргызстандын жарандары милдеттүү түрдө медициналык камсыздандыруу полисин ала алышат.
  • Башка категорияда иштеген (эмгек келишими жок иштеген) КРнын жарандары жана анын үй-бүлө мүчөлөрү ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу полисин (ДМС) ала алышат.

 Билим берүү

 РФнын аймагында иштеп жаткан КРнын жарандарынын өздөрү менен жашаган балдары РФнын билим берүү мыйзамдарына ылайык мектепке чейинки мекемелерге жана мектептерде билим алууга укуктуу.

 РФнын миграциялык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик

РФнын тийиштүү мыйзамына ылайык чет өлкөлүк жаран Россиянын аймагына төмөнкү учурларда кире албайт:

  • КРнын жараны Россияда турган мезгилде убактылуу каттоого турган отуз күндүн ичинде Россиянын аймагынан чыгып кете албаса.
  • Үч жылдын ичинде Россияда бир нече жолу (эки же андан көп) административдик жоопкерчиликке тартылса.
  • Россиянан аймагынан соттун чечими менен чыгарылган КРнын жараны

КРнын жарандарынын РФнын мамлекеттик органдарына кайрылуу укуктары

  • РФнын аймагында КРнын жарандары РФнын жарандык, үй-бүлөлүк, кылмыш иштерин кароо милдети кирген сот, прокуратура, ички иштер органдарына жана башка мамлекеттик органдарга кайрылууга укуктуу, аларга доо арыз менен, өтүнүч кайрылууга, чыгып сүйлөөгө РФнын жарандарындай эле укугу бар.